Баткенде атайын салык режимин киргизүүнү көздөп жатышат

Парламентарийлер Баткенде атайын салык режимин киргизүү керек деп эсептешет.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети бүгүн “Баткен облусуна өзгөчө статус берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.

Маалыматты Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору менен Салык жана Бюджеттик кодекстерге, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” жана “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

Максаты – Баткен облусуна атайын салык жана атайын инвестиция режимдерин киргизүү.

Мамлекеттик сатып алуулардын өзгөчө режимин, ошондой эле калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчө жеңилдетилген режимин белгилөө сунушталууда.

Депутат Бейшеналы Нурдинов белгилегендей, республиканын бардык чек ара аймактары үчүн өзгөчө шарттар түзүлүшү керек. Ал ошондой эле чек ара комиссарлары маселесин көтөрдү. Анын кесиптеши Мухтар Айнакулов айрым чек ара аймактары өзгөчө макамга муктаж экендигин айтты. Эл өкүлү Нурбек Тотонов айыл чарбасын өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берүү маселесин карап, сугат жана ичүүчү суу маселелерин чечүүгө көмөктөшүү керектигин баса белгиледи.

Добавить комментарий