Баткен окуялары 2021: Марипов көңүл айтты

КР Премьер-министри Улукбек Марипов өз атынан жана өкмөттүн атынан чек ара жаңжалы учурунда курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бардык курман болгондорго керектүү жардам көрсөтүлөрүнө ишендирди.

Премьер-министрдин кайрылуусунун тексти министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тарабынан таратылды.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон окуя, анын кесепетинен биздин жарандар, анын ичинде бир бала курман болуп, ар бир кыргызстандыктын жүрөгүн оорутту. Бир заматта өмүрү кыйылып калган мекендештерди эч кандай сөздөр кайтара албасы анык. Алардын элеси биздин өлкөнүн ар бир жаранынын жүрөгүндө ар дайым жашай берет», – деп айтылат кайрылууда.

Марипов ошондой эле оор күндөрдө митингке чыгып, жаңжал чыккан аймакта жашаган адамдарга колдоо көрсөткөн жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Жаңжалдын курчушуна жол бербөө үчүн колдон келгендин бардыгын жасаган биздин аскерлерге, сержанттарга жана укук коргоо органдарынын офицерлерине терең ыраазычылыгымды билдирем. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, ал эми жаракат алгандарга тез арада сакайып кетишине жана чың ден-соолугуна чын жүрөктөн тилектештигимди жана колдоо көрсөтөм», – деди ал.

Премьер-министр мамлекет каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамдарды көрсөтөрүн, каржылык жана башка ресурстар турак-жай имараттарын, социалдык-экономикалык объектилерди калыбына келтирүүгө багытталаарын баса белгиледи.

Добавить комментарий