Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун пандемиясын жарыялады

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жаңы коронавирустун жайылышы пандемия мүнөзүндө экенин айтты.

«Жакынкы күндөрү жана жумаларда, өлүмдун жана жабыр тарткан өлкөлөрдүн саны көбөйушу күтөтулөт», — деп уюмдун башкы директору билдирди.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери коронавирус бейтаптары жок өлкөлөр же алардын саны ондон аз болсо анын жайылып кетишине жол бербоо учун зарыл болгон баардык иш-чараларын кылыш керек.

«Дүйнөнүн 81 өлкөлөрүндө коронавирустун бир да учурлары катталган эмес, ошол себебтен бир да жугушууну болтурбоо үчүн колдон келгендин баарын кылыш керек деди. Ошондой эле 10 же андан аз учурлары, 57 өлкөдо бар. Алар анын жайылышын башынан эле токтотуу зарыл,- деп билдирди ал.

Гебрейесус ошондой эле, ал тургай, буга чейин жуктуруп көп сандагы катталган өлкөлөрдө, аны көбөйушун алдын алуу азыр дагы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

 

«Бул пандемиялык деп жарыяланган биринчи коронавирусу болгону менен, ошондой эле бул контролдоого кабыла турган да биринчи коронавирус болот деп ишенем», — башкы директору билдирди.

Добавить комментарий