Бүгүн Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Кыргызстандын президенти иш сапары менен Ашхабадга (Түркмөнстан) барат, анда бүгүн Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммити өтөт.

Бул Жапаровдун Түркмөнстанга бир жыл ичиндеги үчүнчү сапары болот, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

«Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы алдында 28-ноябрда өтө турган ЭКУнун кезектеги саммитинин жүрүшүндө өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашат, ошондой эле Түркмөнстандын уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгы чыгарылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Саммиттин жыйынтыгында декларация кабыл алынышы күтүлүүдө.

Садыр Жапаров Түркмөнстанга бир жылда эки жолу: июнда расмий сапар менен, августта Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусуна катышкан.

Добавить комментарий