Азимжан Аскаровдун өлүмү: ишти УКМКга өткөрүүнү суранышат

Камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча иштеген адвокаттар бул ишти ЖАМК териштире турганын айтышты. Жактоочулар нааразы болуп, материалдарды КР УКМКга өткөрүүнү суранышат.

«Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын башчысы Төлөкан Исмаилова бул одоно мыйзам бузуу экенин айтты. Адвокаттар материалдарды УКМКга өткөрүп берүү боюнча арыз жазууну көздөп жатышат. Алардын пикиринде, ЖАМК кызыкдар тарап болгондуктан, калыс иликтөө жүргүзө албайт. Аскаров ЖАМКтын мекемелеринин биринде — No 47 түзөтүү кологиясында каза болгон.

Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн бир жылдыгы. Бийлик жана ЖАМК укук коргоочуну кантип «өлтүрдү»

«Мен суракка барбайм. Эмне үчүн? Ооба, биз иликтөөнү кайра баштоону талап кылдык, бирок биз УКМКнын муну менен алектенүүсүн талап кылдык. Бүгүн алар мага чакыруу кагазын жөнөтүштү жана мажбурлап камакка алабыз деп коркутушту. Мыйзамсыздык уланууда», — деди Төлөкан Исмаилова.

БУУнун комитети укук коргоочу Азимжан Аскаров кыйноолорго, катаал, адамгерчиликсиз жана кадыр-баркты басмырлоого дуушар болгонун аныктады. Комитет катышуучу мамлекетке аны тез арада бошотуу, соттуулугун жокко чыгаруу, анын ичинде келтирилген зыяндын толук ордун толтуруу үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттендирди. Укук коргоочу сотко доо арыз менен кайрылып, анда бул чечим боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүүнү суранган.

Июнь айында административдик сот Азимжан Аскаровдун доо арызы боюнча өндүрүштү токтотуп, бул иштеги талаш өкмөт менен доогердин административдик-укуктук (коомдук-укуктук) мамилелеринен келип чыккан эмес деп жүйө келтирген. Эки айдан кийин Бишкектин Свердлов райондук соту укук коргоочунун өлүмү боюнча тергөө ишин кайра баштоо чечимин чыгарды.

Азимжан Аскаров 2020-жылдын 25-июлунда № 47 түзөтүү колониясынын ооруканасында каза болгон. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, өлүм курч дем алуу жетишсиздигинин натыйжасында болгон.

Добавить комментарий