“Азаттыктын” берүүлөрү УТРК менен НТС телеканалдарынан чыкпай калды

Кыргызстанда УТРК жана НТС телеканалдары жана радиолору “Азаттыктын” бардык берүүлөрүн көрсөтүүнү токтотту.

«Биринчи радио» техникалык себептерден улам 23-октябрдан тарта уктурууларын токтотту. «Азаттыкка» жөнөтүлгөн расмий катта бул спутниктен (UMH 160 R) сигнал алган жабдыктын бузулушуна байланыштуу экени айтылат. Бул тууралуу “Азаттык” кабарлады.

13-ноябрдан тарта НТС жана “Санжыра” радиосу “Азаттыктын” телерадио берүүлөрүн берүүнү токтотту. Каналдын жетекчилиги мунун себептерин түшүндүрбөстөн оозеки түрдө билдирди. «Азаттык» НТС телеканалына эфирдин токтотулушунун себептерин расмий билдирүү өтүнүчү менен кайрылды.

НТС телеканалынын жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакцияга кайрылып, “Бийлик менен болгон маселелер чечилмейинче “Азаттыктын” берүүлөрүн көрсөтүүгө болбойт” деген маалымат менен чектелди. Ал эмне себеп болгонун, расмий чечим барбы, тактаган жок, «себептерин өзү билбей турганын» белгилеп, маалыматты дүйшөмбү күнү тактап берүүнү убадалады.

“Азаттыктын” таңкы жана кечки берүүлөрү 2018-жылдан бери “Санжыра” радиосунда обого чыгып келет. «Азаттыктын» «Данисте», «Эже сиңдилер», «Азаттык+» жана «Бийлик сырлары» телеберүүлөрү НТС телеканалынын эфиринде көрсөтүлдү.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайттарын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилиги бул кадамды Кыргызстандагы демократияга шек келтирген эркин маалымат каражаттарын куугунтуктоо катары баалады.

31-октябрда «Демир Банк» оозеки түрдө «Азаттык Медиа» мекемесинин эсептери жабылганын билдирди. 2-ноябрда «Демир Банк» суроо-талабына жооп кылып, «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын негизинде эсептер боюнча операциялар токтотулганын билдирди.

Добавить комментарий