Борбор калаанын мэриясында аз камсыз болгон жана көп балалуу балдарга баалуу белектер тапшырылды.
Нооруз майрамына планшеттерди тапшыруу аземи болуп өткөнүн муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Планшеттерди мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана Израилдин элчиси Лиат Вексельман тааныштырышты.
Израилдин КРдагы элчилиги Нооруз майрамынын алдында онлайн режиминде билим алууга байланыштуу балдарга планшеттерди тапшырды.