Автоунаа салыгын убагында төлөбөгөн 2000ден ашуун айдоочу айыпка жыгылды

Үч айда унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн эки миңден ашуун айдоочуга айып салынды. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сентябрдан ноябрга чейинки рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 2 397 унаанын ээси салык төлөбөгөнү аныкталган. Анын ичинен 2125 айдоочу салыкты жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) төлөгөн.
Мындан тышкары, бул аралыкта 628,5 миллион сом суммасында жергиликтүү салык чогултулган. Анын 182,1 миллиону транспорт, 171,6 миллиону кыймылсыз мүлк жана 274,8 миллиону жер салыгы.

Эскерте кетсек, унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 2-сентябрда аяктаган.

Добавить комментарий