Ата-энелерден акча талап кылган мектеп директору жазаланды

Жалал-Абад шаарындагы No5 орто мектепте окуучулардын ата-энелери акча талап кылганына нааразы болушту.

Алар ай сайын медайымга акча чогултуп жатканы маалым болгон.

“Алар бизге 20 сомдон кайрымдуулук кылууну дайыма эскертип турушат. Мектепте 2500дөн ашык окуучу билим алат. Ар биринен акча чогултушат. Дарыгерлердин айлыгы көтөрүлдү окшойт, мынча акчаны дагы кайда алышат?”, — деп сурайт ал.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, коронавирустун жайылышын алдын алуу жана окуучулардын ден соолугун чыңдоо максатында 2021-жылдын декабрь айында боло турган ата-энелер чогулушунда медайымды алуу чечими кабыл алынган.

«Ай сайын берилүүчү каражатты ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү чогултуп, медайымга айлык катары берип турушкан. Бүгүнкү күндө медайымдын ишмердүүлүгү токтотулган. Жалал-Абад шаарындагы No5 орто мектеп-гимназиясынын директоруна эскертүү берилди», – деп жыйынтыктады министрлик.

Добавить комментарий