Акыркы суткада 7-ноябрга карата КРда COVID-19 инфекциясынын жаңы 12 учуру катталды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти COVID-19 инфекциясы боюнча жума сайын такталган статистиканы берди.

Кыргызстанда бир суткада (31-октябрдан 6-ноябрга чейин) коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Билдирилген 12 учурдун 1и ооруканага жаткырылган, 11и амбулаториялык дарыланууда.

7-ноябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 10 ай 6 күнүндө жалпысынан 21 716 COVID-19 учуру катталды, анын ичинен 19 709 (90,8%) лабораториялык тастыкталган жана 2007 (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Добавить комментарий