КРда коронавируска чалдыккандар көбөйдү. 3-октябрдан 10-октябрга чейинки бир жумада коронавирус инфекциясынын 90 жаңы учуру расмий тастыкталды.
Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Анын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылса, 80 адам амбулатордук дарыланууда.
10-октябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул оорунун азайгандыгын көрсөтүп турат.
2022-жылдын 9 ай 8 күнүндө жалпысынан 21 502 COVID-19 учуру катталды, анын ичинен 19 495 (90,6%) лабораториялык тастыкталган жана 2007 (9,4%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.
Эске салсак, Кыргызстанда акыркы бир жумада 26-сентябрдан 2-октябрга чейин COVID-19 инфекциясынын 77 жаңы учуру катталган.