АКШнын бизнес алып баруу программасынын алкагында онлайн жолугушуу болуп өттү

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Финансы мигистрлигинин, соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушууга катышты. Бул тууралуу 14-августта Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасы менен Евразия чөлкөмүнүн башка мамлекеттеринин АКШ менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды, анын ичинде эки тараптуу жана региондук соода келишимдеринин алкагында кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, чет элдик айыл чарба кызматынын институтун жайылтуу, айыл чарбасына «Атташе» позициясын киргизүү жана чет өлкөдөгү маселелер, техникалык жана эксперттик колдоонун Америкалык программаларын ишке ашыруу.

Онлайн жолугушуу АКШ менен бизнес жүргүзүү чөйрөсүндө Америкалык тараптын аймактын өкмөттөрү менен компаниялар, бизнес ассоциациялары жана АКШнын соода иштери менен алектенген мамлекеттик агенттиктери менен кызматташуусун күчөтүүгө багытталган программанын алкагында өткөрүлдү.

Добавить комментарий