АКШда адамдар коронавирустан өлүп жатышат

Дж. Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, акыркы бир күндө АКШда 2494 адам өлгөн. Өлүмдүн себеби — коронавирустук инфекциянын татаалдашуусу. Бул бир гана Америка Кошмо Штаттарында эмес, дүйнө жүзүндө күнүгө каза болгондордун рекорддук саны.

Кошмо Штаттарда COVID-19 каза болгондордун жалпы саны 30 миң 826 адамды түздү, тастыкталган учурлардын саны 637 миңден ашты, деп билдирет РИА Новости.

Америка Кошмо Штаттары үч жагынан тең дүйнөдө лидерликти сактап келет.

Бир күн мурун АКШда 2 миң 228 адам коронавирус менен көз жумган.

Ошол эле учурда, бейшемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар улуттук деңгээлде коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын чокусуна чыкты. Америка лидери АКШнын айрым штаттары 1-майга чейин карантинден кийин “ачыла” тургандыгын айтты.

Добавить комментарий