Айзада иши боюнча айыпталуучулардын бири көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча сот жараянынын жүрүшүндө, айыпталуучулардын бири тергөө баскычында аларга берилген көрсөтмөлөрдү кайтарып алды.

Соттун жүрүшүндө айыпталуучу Замирбек Раманкулов тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Ал ала качуу жөнүндө билбестигин билдирди.

Ошол эле учурда айыпталуучу кызды уурдоо кылмыш жоопкерчилигине кирерин моюнга алды.

«Замирбек Тенизбаев бир кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн, ата-энеси баардыгын билээрин айткан. Ал бизге телефонуна биргелешкен сүрөттөрдү көрсөттү. Тергөөнүн жүрүшүндө күнөөмдү жарым-жартылай мойнума алгам, анткени мен шок абалда болчумун», – деди Замирбек Раманкулов.

Эске сала кетсек, Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Эки күндөн кийин, ал жана аны уурдап кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул окуя кыргыз элин таң калтырды. Алар ИИМдин Бурулай трагедиясынан эч кандай жыйынтык чыгарбагандыгына нааразы болушууда.

Ала качууга тиешеси бар деп шектелгендердин бардыгы кармалды. Аларга КР Жазык кодексинин “Адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Добавить комментарий