Айыл чарба министрлиги дыйкандар үчүн жерди ижарага берүү механизмдерин иштеп чыгууда

Кыргызстанда жерди дыйкандарга 20 жылдык мөөнөткө ижарага берүү механизмдери иштелип жатат.

Кыргызстанда 0,5 миллион гектардан ашык бузулган жайыт бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун алгачкы концепциясына ылайык, бузулган жайыттар айыл чарба багытындагы жерлер категориясына трансформацияланат.

«Бүгүнкү күндө жерди дыйкандарга 20 жылга ижарага берүү механизмдери иштелип жатат. Мындай жерлер бардык аймактарда бар. Дыйкандар өсүмдүк өстүрсө болот, жердин баасы өсөт. Ижарадан түшкөн киреше көбөйөт. Дыйкандарга жаңы түшүмдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», – деди ал.

Жайыт департаментинин директору Жаныбек Керималиевдин айтымында, бузулган жайыттардын аянты жылдан жылга өсүп жатат.

«Мындай жерлер негизинен тоолуу аймактарда, мисалы, Көк-Мойнок, Ак-Талаа аймактарында жайгашкан. Ал эми Баткенде мындай жерлер бар, алар жайыт деп эсептелет, бирок ал жерде мал багуу мүмкүн эмес, анткени алар негизинен таштак жерлер», – деп кошумчалады ал.

Добавить комментарий