60 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген

Кыргызстанда 60 мамлекеттин жарандарына Кыргызстандын аймагында “визасыз” режимде өлкөдө 60 күн болуу менен кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмди өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында кабыл алынгандыгы белгиленди.

Документке ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесин тогуз жаңы өлкө (Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика) толуктайт.

Мындан тышкары, мыйзам улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коргоо максатында республиканын Министрлер Кабинети жооптуу ыйгарым укуктуу улуттук коопсуздук, саламаттыкты сактоо жана тышкы иштер мамлекеттик органдардын макулдашылган сунушу боюнча республикага кирүүнүн визасыз режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото турууга укуктуу жобо менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий