Артем Новиков телерадиоберүү кызматкерлерин куттуктады

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Телерадио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы куттуктоонун текстин өткөрүп берди:

“Урматтуу телерадио кызматкерлери!

Телекөрсөтүү жана радио – ЖМКнын кеңири жайылган түрлөрүнүн бири. Туура 62 жыл мурун кыргыз телевидениеси негизделген. Андан бери көптөгөн өзгөрүүлөр болуп, заманбап тенденцияларга туруштук берүү үчүн телекөрсөтүүнүн өзү тездик менен өнүгүп жатат. Азыркы учурда, кыргыз телекөрсөтүүсүнүн диапазону санариптик форматка өтүү менен кеңейди, анын аркасында ал күнү-түнү көрсөтө алат.

Баардыгыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Телекөрсөтүү жана радио төртүнчү бийликтин күчтүү куралы жана өкүлдөрүнүн бири болуп, мамлекеттин идеологиясын калыптандырууда белгилүү бир ролду ойной тургандыгы талашсыз. Белгилей кетсек, журналисттер күнүмдүк иши менен коррупцияга каршы күрөшүүдө, калкты керектүү маалыматтар менен өз убагында жана объективдүү камсыздоодо өз салымын кошуп, аткаруу бийлиги менен катардагы жарандардын ортосунда көпүрө болуп кызмат кылат.

Эркин басма сөздүн болушу, элдин үнү катары бийлик үчүн ар дайым эле ыңгайлуу боло бербейт, бирок алардын коомдогу ролу баа жеткис, анткени ал алардын ортосундагы ачык диалогду камсыз кылат. Сөз эркиндиги – бул биздин өлкөнүн жетишкендиктеринин бири.

Санарип доорунда, убакыт тез чечимдерди кабыл алууну талап кылганда, биз башкалар менен чогуу болуп, заманга жараша болуп, алдыңкы билимге умтулуп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушубуз керек. Сиздин ролуңуз Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү позитивдүү имиджин таанытууда баа жеткис. Бул командалык иштин натыйжасы, көп учурда көшөгө артында калган кызматкерлердин эмгеги, алардын тыкан жана координацияланган иш-аракеттери.

Ишиңизде ийгилик коштоп жүрсүн, дагы позитивдүү жана конструктивдүү жаңылыктар болсун», – деди.

Добавить комментарий