25-июлга карата ооруканадагы керебеттердин саны жөнүндө маалыматтар

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бош орундардын көпчүлүгү “Семетейдеги” ооруканада (мурунку “Ганси” авиабазасы) жана Воронцовкадагы курортология институтунда.

Салматтыкты сактоо министрлигинде борбордогу ооруканалардагы жана стационардык мекемелердеги акысыз керебеттер жөнүндө маалымат берилди.

Маалыматтар ишемби, 25-июль, саат 16:00 карата.

Акысыз орундар кайда жана канча:

  • “Семетей” ооруканасы (мурдагы “Ганси” авиабазасы) – 495;
  • Воронцовкадагы Курортология институту – 181;
  • Улуттук госпиталь – 149;
  • №1 мектеп-интернат – 98;
  • Интергельпо көчөсүндөгү оорукана – 73;
  • Республикалык наркология борбору – 69;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана – 53;
  • Даир Асанов атындагы аскер лицейи – 44;
  • азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн мектеп-интернаты – 43;
  • Ынтымак медресеси – 39;
  • Темир жол ооруканасы – 20;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору – 17;
  • Rixon мейманканасы – 11;
  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 10;
  • Discovery мейманканасы – 4.

Бүгүн Улуттук фтизиология борборунда жана Улуттук хирургиялык борбордо бош орундар жок.

Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматтардын тездик менен өзгөрүп жаткандыгын жокко чыгарбайт, ошондуктан аларды map.covid.kg сайтында көрсөтүлгөн ооруканалардын телефон номерлеринен тактоону өтүндү.

Добавить комментарий