2010-жылдагы Июнь окуясы: УКМК тергөө ишин улантты

КР башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча тергөө ишин улантты.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров аталган окуялар боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырган, буйрукту аткаруу максатында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Убактылуу Өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине белгилүү Кадыржан Батыровдун өлкө тышына тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшкөндүгү үчүн иш козголгон, бул УКМКнын маалыматы боюнча, каргашалуу окуялардын себептеринин бири болгон.

«2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында башаламандыктардын чыгышына себеп болгон себептер жана шарттар иликтенет. Ошондой эле, кайгылуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана регионалдык деңгээлдеги чиновниктердин аракеттерине акыркы укуктук баа берилет», – деп билдирди Мамлекеттик комитет.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарындагы апрель окуяларынан кийин улуттар аралык жаңжал чыгып, 400 ашуун адам каза болгон.

Добавить комментарий