1-ноябрдан тарта Бишкекте жол кире өзгөрөт

Коомдук транспорттун баасы үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тарта өзгөрөт. Борбор калаа кеңешинин депутаттары тарифтерди 11 жана 15 сомго чейин көтөрүүнү колдошту.

Бааларды транспорттук кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша көтөрүү чечими кабыл алынды.

Ошентип, кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубоиетрден ашкан троллейбустарда жана автобустарда жүрүү менчигинин түрүнө карабастан 11 сомго, кичи автобустарда жана кыймылдаткычы 3 миң кубометр аз автобустарда – 15 сомго бааланат.

Жарлык 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирери такталды.

Добавить комментарий