«Жыл-Булак» көмүр кени кайрадан аукционго коюлду

Энергетика министрлигине караштуу Мамлекеттик геология Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы «Жыл-Булак» көмүр участогун аукционго койду.

Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

«Жыл-Булак» көмүр участкасында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензиянын баштапкы баасы 737 долларды түзөт.

Аукцион 2022-жылдын 14-мартында Кербен шаарында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында өтөт.

Добавить комментарий