Жээнбеков элетти өнүктүрүүгө салым кошкон мигранттарга ыраазылык билдирди

18-декабрь — мигранттын эл аралык күнүнө карата президент Сооронбай Жээнбеков чет  өлкөлөрдөгү мекендештерге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков кайрылуусунда дүйнө коомчулугу мигранттардын азыркы замандагы орду абдан маанилүү экенин, алар өз мекенин жана иштеп жаткан өлкөсүн өнүктүрүү үчүн чоң салым кошуп жатканын тааныганын белгилеген.

«Алыста иштеп жаткан биздин мекендештерибиз күнүмдүк жашоо муктаждыгы менен гана чектелип калбай, алдыңкы технологияларды өздөштүрүп, өз мекенине инвестицияларды тартып жатышат. Биз сиздердин өлкөбүздүн элет жериндеги турмуш деңгээлин көтөрүүгө кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз», — деп жазылат кайрылууда.

Мамлекет башчысы, андан сырткары, мекендештерге колдоо көрсөтүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары аныкталганын кошумчалады. Ошондой эле быйыл Мекендештер кеңешинин биринчи жыйыны өткөнүн белгиледи.

Добавить комментарий