Жергиликтүү өндүрүшчүлөр жана соода түйүндөрү ички рынокто кызматташуунун эки тарапка тең пайдалуу шарттарын макулдашты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-82070-1670857783-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстанда жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ички соода тармагында өз ара аракеттенүү маселелери чечилди.

12-декабрда КР экономика жана коммерция министрлиги жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын (Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр), базарлар Ассоциациясынын, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде «Умай Групп» ЖЧКсы («Глобус», «Народный», «Достор» соода тармактары), ошондой эле «Азия Ритейл» ЖЧКсы («Фрунзе» соода тармагы) «КР ички соода жөнүндө» Мыйзамына жана КР укук бузуулар жөнүндө кодексине түзөтүүлөрдүн алкагында алар үчүн сезимтал маселелерди чечишти.

Эске салсак, 2022-жылдын апрелинин аягында «Ички соода жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Расмий түрдө депутаттардын тобу авторлор катары көрсөтүлгөн, бирок иш жүзүндө документти Агроөнөр жай комплексинин бирикмеси алдыга жылдырып жатат. Аталган уюм мыйзам долбоорунун негизги максаты республиканын ички соодасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу экенин билдирди.

Мыйзам долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү акы төлөнүүчү логистикалык кызматтарды көрсөтүү, тамак-аш азыктарын илгерилетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, даярдоо, кайра иштетүү, таңгактоо ж.б.у.с. келишимдерди түзүүгө мажбурлоого тыюу салат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктү жеткирүүчүлөр тарабынан чекене соода түйүндөрүнө бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө 5%га чейинки чектөө киргизилип, жеткирилген товарлар үчүн төлөө мөөнөтүн кыскартуу сунушталууда (бүгүнкү күндө төлөм мөөнөтү товар алынган күндөн тартып 45 күнгө чейин).

Мындай абал дүкөндөр тармагына туура келген жок.

Тараптар төмөнкүдөй макулдашууларга жетишти:

— Акциздик тамак-аш азыктарын кошпогондо, азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр үчүн сый акынын жалпы көлөмүн, анын ичинде ретробонустарды 5% чейин, социалдык маанилүү товарлар үчүн 0%га чейин төмөндөтүү.

— Социалдык маанидеги азык-түлүк товарлары үчүн жети күнгө чейин, азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр (даярдоочулар) тарабынан берилген тамак-аш азыктары үчүн 14 күндө бир жолу, башка соода субъекттеринин тамак-аш азыктары үчүн тараптардын макулдашуусу боюнча төлөө мөөнөтүн кыскартуу.

Бүгүнкү күндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралууда.

Добавить комментарий