Жеке ишкерлер салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өтө алышат

Ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген ишкерлер жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумуна өтө алышат

Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мурда ыктыярдуу патенттин негизинде салыктарды төлөп келген соода борборлорунда, базарларда жана чакан соода түйүндөрүндө өз алдынча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр өз ыктыярлары менен чекене соода салыгы боюнча жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумуна өтө алышат», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда, мындай салык тутумуна өткөн жеке ишкерлер үчүн салыктын ставкасы алынган кирешеден төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

  • иштин биринчи жылында эч кандай салык алынбайт, «нөл» ставкасы колдонулат;
  • экинчисинде, чен 1% түзөт;
  • үчүнчү жылы 2% ;;
  • төртүнчү жылдан 3%;.

Төлөмдөрдү нак эмес формада кабыл алууда салыктын ставкасы 50% төмөндөтүлөт;

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде каттоодон өтүү жана жөнөкөйлөтүлгөн салык тутумунун чегинде иштөө үчүн жеке ишкер салык катталган жери боюнча салык органына арыз менен кайрылышы керек жана анын иши бир катар талаптарга жооп бериши керек.

Атап айтканда, мындай салык төлөөчүлөр КНС төлөөчү болбошу керек, же акыркы 12 айдагы кирешенин көлөмү КНС боюнча каттоо босогосунун өлчөмүнөн (8 млн.сом) ашпашы керек, ошондой эле ККМ-онлайн милдеттүү түрдө колдонулган иш-чараларды,  анын ичинде программалык камсыздоо болуп саналган KKM колдонулушу мүмкүн, жүргүзүшөт.

Маалымдама

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу тутуму каржылык жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, акциздик салык төлөөчүлөр, коомдук тамактануу ишканалары, санаторий-курорттук сектордун субъекттери жана турак жай куруучулар тарабынан колдонулбайт.

Добавить комментарий