Жеке ишкерлер отчетторду электрондук түрдө берүүгө милдеттүү 

Кыргызстанда бардык ишкердик субъекттери салык отчетторун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болушкан. Мыйзам чыгаруу нормасы 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Бул тууралуу МСКга билдиришти. Алардын айтымында, бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы токтому менен бекитилген «Салык отчетун электрондук документ түрүндө тапшырууга өтүүнүн тартиби жана шарттарына» ылайык белгиленет.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы ушул мезгилден баштап салык отчетторун электрондук түрдө берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүлөрдү алдын-ала квалификациялуу электрондук колтамга ээ болууга чакырат.

Электрондук колтамганы электрондук өкмөт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган Адистештирилген Операторлордон (Infocom at SRS, Dostek, Ubr) сатып алууга болот.

Эске салсак, жогоруда аталган токтом менен бекитилген шарттарга ылайык, электрондук кол тамгаларды колдонуу менен электрондук түрдө салык отчету 2019-жылдын 1-июлунан баштап кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар тарабынан берилген.

Салык төлөөчүлөрдү электрондук форматка өткөрүү салык кызматтарын онлайн режиминде көрсөтүү жана ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү алкагында «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун негизги компоненттеринин бири экендигин белгилей кетүү керек.

Добавить комментарий