Жашыл альянс: “жашыл” технологиялар салыктан бошотулушу керек

КРда “жашыл” технологияларга салыкты алып салуу маселеси каралууда.

Кыргызстандык ишкерлер менен эксперттер энергияны үнөмдөөчү технологияларды экспорттоочу жана импорттоочуларды КНСтен бошотууну сунушташууда. Бул демилгени Жашыл альянс билдирди.

Бул маселе энергияны үнөмдөөчү жана ресурсту үнөмдөөчү жабдууларды импорттоо жана өндүрүү менен алектенген 20дан ашык жергиликтүү компаниялар менен Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана башка ведомстволор менен жолугушууда талкууланды. 

Бүгүнкү күндө жаңы салык мыйзамдарына ылайык, төмөнкүлөр КНСтен бошотулат:

  • энергетикалык жана ресурстук натыйжалуулуктун талаптарына жооп берген жабдууларды жана тетиктерди импорттоочулар;
  • шамал жана күн электр станциялары, чакан ГЭСтер үчүн агрегаттарды импорттоочулар.

Ошол эле учурда энергетикалык жана ресурстук үнөмдөө талаптарына жооп берген имараттардын ээлери мүлк салыгын төлөөдөн 50% бошотулат.

«Азыр мамлекеттик-жеке диалогду куруунун кийинки этабында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кабыл алынган жаңычылдыктарды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү министрлер кабинетинин тиешелүү токтомун кабыл алуу зарыл», — деп белгиледи Жашыл альянс.

Уюм инновациялардын калкка жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аларды КНСтен бошотуу керектигин, анткени жашыл технологиялардын баасы кыйла жогору экенин баса белгиледи.

Добавить комментарий