Өзбекстан менен Казакстандын бийлиги КРга кандай жардам көрсөттү

Премьер-министр Улукбек Марипов март айында Өзбекстанда, ал эми бир күн мурун Казакстанда болгонун эскерип, Кыргызстанга көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө айтты.

Мариповдун айтымында, Өзбекстан жардам иретинде 1 миң тонна буудайдын үрөнүн берет. Жарымы акысыз, кыргыз тараптан жарымы буудай түрүндө кайтып келет.

Ошондой эле, Ташкент бийлиги 500 тонна пахта үрөнүн бөлүп берди, анын жарымы пахта түрүндө өз убагында кайтарылып берилиши керек болот. Мындан тышкары, Кыргызстанга Ташкентте 10 миң көчөт тартууланды.

Казакстан гуманитардык жардам көрсөтүүгө макул болду – жакыр үй-бүлөлөргө 10 миң тонна ун, деди Марипов.

«Биз жакында гуманитардык жардам алабыз жана сөзсүз түрдө калкка таркатабыз», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары, Казакстан 1 тонна күздүк буудайдын үрөнүн берген.

Добавить комментарий