USAID Борбор Азиядагы сооданы өнүктүрүү үчүн 19 миллион доллар бөлөт

USAID Борбор Азияда соода жүгүртүүнү кеңейтүү боюнча жаңы беш жылдык долбоорду каржылоону жарыялады.

Жалпы бюджет 19 миллион долларды түзөт жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда ишке ашырылат.

Жаңы долбоордун алкагында сооданы өнүктүрүү аракеттери USAIDдин регионалдык сооданы жөнөкөйлөштүрүү, ишкерликти өнүктүрүү жана регионалдык катышуу боюнча көп жылдык жетишкендиктерине негизделет.

«Борбор Азия кайрадан дүйнөлүк соода борборуна айлана алат. Бул долбоор Борбордук Азияда аймактык жана эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүүгө, жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн жана жумуш орундарын түзүүгө жардам берет. Биз кыргыз өкмөтү жана кыргыз ишкерлери жана компаниялары менен өнөктөштүктү чыдамсыздык менен күтөбүз жана товарларды тезирээк таанытууга жана жаңы рынокторду ачууга көмөктөшөбүз», – деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

USAIDдин Борбор Азиядагы соода долбоору үч негизги стратегиялык максатка жетүү үчүн мамлекеттик жана жеке секторго техникалык жардам көрсөтөт. Биринчиден, программанын ишмердүүлүгү каржылык жана убакыттык чыгымдарды азайтуу, ошондой эле региондогу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу максатында бажы жана чек ара көзөмөлүнүн жол-жоболорун шайкеш келтирүүгө багытталат. Экинчиден, программа өнүгүүнү стимулдаштыруучу жана инвестициялык агымдарды камсыз кылган реформаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү күчөтөт. Үчүнчүдөн, кызыкдар тараптар менен Борбор Азия чөлкөмүнүн ичинде да, анын чегинен тышкары да чек ара соодасынын көлөмүн көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Добавить комментарий