Улуттук банк убактылуу эски акчаларды кабыл албайт жана алтын куймаларын сатпайт

КР Улуттук банкы эски акча операцияларын убактылуу токтотот. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Улуттук банк алтын куймаларын жана нумизматикалык баалуулуктарды сатпай тургандыгы белгиленди.

Мындай чечим өлкөдөгү курч эпидемиологиялык кырдаалга жана коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучун азайтууга байланыштуу кабыл алынды. Ал өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырмайынча иш алып барат.

 

Добавить комментарий