Улуттук банк сомду колдоо боюнча интервенцияларды улантууда

Кыргызстанда доллардын өсүшү уланууда, Улуттук банк сомду кармап туруу чараларын улантууда.

Кыргызстандын ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талап анын сунушунан ашкандыгы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Тышкы каржы рынокторундагы геосаясий кырдаалга байланыштуу КР соода-экономикалык өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн валюта курсунун жогорку туруксуздугу байкалып жатканы белгиленген. Республиканын өзүндө өзгөрүлмө алмашуу курсунун режими бар, анын чегинде динамикасы ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулугунун негизинде аныкталат.

“Улуттук банк валюталык интервенцияларды ишке ашырып, валюта рыногунда болушун улантууда, анткени ал жөнгө салуу үчүн зарыл ресурстарга жана инструменттерге ээ. Ал ички валюта рыногунун абалын талдап, акча-кредит саясатынын бардык инструменттерин колдонуу менен кырдаалды жөнгө салуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө даяр. КР Улуттук банкы ички валюталык жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга ар дайым көз салып турат”, – деп айтылат жөнгө салуучу органдын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, акыркы жумада Кыргызстанда доллар 13 сомго, же 14,2 пайызга кымбаттады. Бүгүн доллардын курсу бир суткада 1,52 сомго кымбаттап, 98,5 сомго жетти.

Добавить комментарий