Улуттук банк: Кыргызстанда дүң эл аралык резерв 86,87 миллион долларга кыскарды

Улуттук банктын сайтында 2022-жылдын июль айындагы дүң эл аралык резервдин абалы тууралуу маалымат жарыяланды.

Акыркы айда дүң эл аралык резервдер 86,87 миллион долларга, ал эми өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу 106,89 миллион долларга азайган. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 429,08 миллион долларга азайган. 2021-жылдын сентябрынын жыйынтыгы боюнча камдардын эң жогорку деңгээли 3 241,14 миллион долларды түзгөн.

Эске салсак, Улуттук банк валюта рыногундагы кескин өзгөрүүлөрдү текшилөө үчүн резервдерди колдонот. Ал өткөн жылы 15 интервенция жасап, 698,95 миллион доллар саткан. 2022-жылдын башынан 5-апрелге чейин 284,3 миллион долларга чет элдик валютаны сатуу боюнча беш интервенция жана жети интервенция жасап, валюта рыногунда 190 миллион 740 миң доллар сатып алган. Натыйжада таза сатуу 93,56 миллион долларды түздү.

Добавить комментарий