Улуттук банк акча алмаштыруу бюролоруна көзөмөлдү күчөтөт

Улуттук банк республиканын мыйзам ченемдери бузулган жана сакталбаган учурда акча алмаштыруу бюролорунун лицензияларын убактылуу токтотот.

КР Улуттук банкы банктардын, акча алмаштыруучу жайлардын ишине көзөмөлдү күчөтүп, мыйзам талаптарын сактоо боюнча жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Мыйзам бузулган учурда валюта рыногунун катышуучуларына тиешелүү чаралар көрүлөт.

«Мындан тышкары, укук коргоо органдары менен бирдикте Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок алмашуу операцияларын жүргүзгөн адамдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чаралары көрүлүүдө», — деп билдирди каржылык жөнгө салуучу орган.

Жакында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Бишкек шаарындагы «Бермет Гранд», «Жетиген Трейд», «ТС Финанс», «Красная Звезда Кей Джи», «Интегро Ко» компанияларынын Бишкектеги алмашуу бюролоруна лицензиясын убактылуу токтотту.

Мындан тышкары, Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86, №28 бөлмө дарегинде жайгашкан «ЭкспоМани» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жайынын лицензиясын чакыртып алды.

Добавить комментарий