АКШнын президенти Дональд Трамп, учурдагы баалар өзгөрбөгөн шартта, «өтө олуттуу» мунай салыгын киргизебиз деп коркутту.
«Анткени биз азыр көзкарандысызбыз. Бизде өзүбүздүн мунайбыз бар”, – деди Трамп.
Анын айтымында, АКШ «чет элдик мунайды сатып алууну каалабайт».
Буга чейин Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман мунай өндүрүүнү азайтуу маселесин талкуулашы мүмкүн деп айткан.
Ошол эле учурда, АКШ мунай өндүрүүнү төмөндөтпөй жатат.