
Тез жардам унааларын сатып алууга республикалык бюджеттен дээрлик 170 миллион сом бөлүү пландалууда. Тиешелүү чечимди Кыргызстандын министрлер кабинети кабыл алды.
Белгиленгендей, бул сумма 2022-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын калдыгынан түзүлөт.
Мындай чечимге буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
“Коопсуз шаар” программасынын алкагында аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпты колдонуу тартиби жөнүндө өкмөттүн токтомуна ылайык 169 миллион 347,5 миң сом өлчөмүндөгү каржылоо Саламаттык сактоо министрлигине которула турганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тактады.