Тажикстан менен чектеш эки облусту калыбына келтирүү иштерине 3 миллиард сом бөлүндү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-77585-1664871243-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын бюджетинде республиканын бюджетинин айрым чыгымдарын кайра бөлүштүрүү аркылуу чек арага жакын аймактарга жардам көрсөтүү үчүн 3 млрд сом каралган.

Баткен жана Ош облустарындагы Тажикстандын куралдуу баскынчылыгынын натыйжасында бузулган жана талкаланган турак жайларды жана социалдык инфраструктураны калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, каражат мамлекеттик органдардын кайрылууларына ылайык бөлүнүүдө. Сумма 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүү эсебинен түзүлөт.

Каражат аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө жана курууга жумшалат. Алардын ичинде Баткен районунун аймагындагы социалдык объектилерди, ирригациялык объектилерди, суу менен камсыздоо системаларын куруу жана капиталдык оңдоо, ошондой эле жолдорду реконструкциялоо иштери бар.

ӨКМ маалыматы боюнча, Баткен облусунда Тажикстандын аскердик агрессиясынын натыйжасында 613 турак жай, ошондой эле административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, 15 социалдык объект, 323 бастырма, автожол көпүрөсү жана 26 унаа жабыркаган.

Добавить комментарий