Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун инвесторлору Бишкекке келишти

Кечээ, 2021-жылдын 6-сентябрында, Инвестициялар министрлигинде таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу долбооруна инвестиция сала турган чет элдик инвесторлордун катышуусунда жолугушуу өттү.

Иш-чара «Бишкек шаарындагы таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу меморандумдун алкагында өттү.

Меморандумду ишке ашыруунун алкагында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун деталдуу изилдөө үчүн жогоруда аталган компаниянын жетекчилери жана техникалык адистеринен турган кеңейтилген делегация Бишкек шаарына келди.

Жолугушууда Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун деталдуу планы, ошондой эле стадион куруу жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү талкууланды.

Эске салсак, КР борборунда КРнын Инвестициялар министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Biotrend Energy түрк компаниясынын ортосунда таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча келишимге 2021-жылдын 23-августунда кол коюлган.

Doğanlar Holdingтин туунду компаниясы Biotrend Enerji, 2017-жылы альтернативдүү энергияны өндүрүүгө инвестициялоо миссиясын толуктоо үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу борбору болуу үчүн түзүлгөн. 2021-жылдын аягына карата Biotrend Enerjiде иштеп жаткан 13 фабрика бар.

Добавить комментарий