Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга $2.2 млн бөлүнөт

Швейцариянын бийликтери өлкө 2,2 миллион доллар бөлөөрүн жарыялады, бул каражат Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине эң аялуу айылдык жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга жумшалат.

Каражат КР ӨКМ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөнүн стратегиялык планынын компонентин ишке ашырууга бөлүнүүдө.

Швейцариянын салымы боюнча келишимге бүгүн, 28-июнда Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) директору Кожиро Накай кол коюшту.

Компоненттин алкагындагы иш-чаралар Ош, Баткен жана Нарын облустарында ишке ашырылат жана кургакчылык, сел, суу ташкыны ж. б. сыяктуу табигый кырсыктардын кесепеттерин башкарууга жана ага каршы күрөшүүгө системалуу мамилени иштеп чыгуу үчүн 50 миңге жакын аялуу үй-бүлөлөрдү, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү бийлик органдарын жана мекемелерди улуттук деңгээлде колдойт. Бенефициарларга климат боюнча ишенимдүү жана өз убагында маалымат, кырсыкка туруктуулукту пландаштырууну колдоо жана инфраструктуралык колдоо көрсөтүлөт.

Климатка байланыштуу табигый кырсыктарга даярдык көрүү жана алардын азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу үчүн кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча иш-чараларды күчөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Калктын аярлуу катмарлары азык-түлүк жана малдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу куралдары менен камсыздалат, ошондой эле алардын кырсыктарга жана кризистерге даярдыгын жогорулатуу боюнча эң эффективдүү чараларды үйрөтөт.

Демилгени ишке ашыруу бир жылга эсептелген.

Добавить комментарий