Түштүк Корея Россияга автоунааларды жана смартфондорду жеткирүүнү улантат

Түштүк Корея РФга смартфондорду жана автоунааларды жеткирүүнү токтотпой турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Түштүк Корея бийлиги Вашингтондун Россияга каршы санкциялары боюнча АКШнын Соода министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Сүйлөшүүлөрдөн кийин Кореянын өкүлдөрү АКШ бийлиги смартфондорду, автоунааларды, кир жуугуч машиналарды жана башка тиричилик техникасын санкциялардан тышкаркы нерсе катары карай турганын, анткени алар массалык керектөөчүгө арналганын айтышты. Бир гана шарт – экспорттук товарлар куралдуу күчтөрдүн карамагында болбошу жана алар тарабынан колдонулбашы керек», – деп айтылат билдирүүдө.

Корей фирмалары Россиядагы өндүрүш ишканаларына белгилүү бир азыктарды жеткирүү үчүн АКШда атайын уруксат алышы керек болот.

Добавить комментарий