Түштүк Корея Нарын шаарына кичи ГЭС куруу долбоорун карайт

Түштүк Корея Нарын облусуна 5 МВт ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карайт.

Кыргызстандын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Түштүк Кореяга иш сапары менен барды.

Иш сапардын алкагында КРнын Нарын облусу менен Түштүк Корея Республикасынын Канвон-до Инже районунун ортосунда достук мамиле түзүлүп, өз ара кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана айыл чарба долбоорлорун алдыга жылдыруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Түштүк Кореядан келген ишкерлер Нарын облусуна 5 мегаватт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыга тургандыктарын билдиришти. Учурда ГЭСти куруу үчүн ылайыктуу жерди тандоо жана даярдоо иштери башталды. Мындан тышкары сулу кайра иштетүүчү ишканаларды куруу жана жашылчаларды өстүрүүчү күнөсканаларды куруу маселелери талкууланды.

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун Түштүк Кореяга болгон иш сапарынын алкагында ар кыл тармактагы адистер ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча макулдашуулар түзүлүп, 2022-жылдын ноябрь айынын аягына чейин Нарын облусуна Түштүк Кореядан адистердин келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун гидроэнергетикалык потенциалы жогору болгондуктан, 2,5 миң мегаватт кубаттуулуктагы ГЭС курууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Добавить комментарий