Түштүк Корея кайрадан КРдан келген эмгек мигранттарын жумушка алууда

Кыргызстандан Түштүк Кореяга эмгек мигранттарын жөнөтүүгө коюлган чектөөлөр алынды.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандарын жумушка алуу кайра жанданганын билдирди.

Буга чейин коронавируска байланыштуу чектөөлөргө байланыштуу кыргызстандыктарды Кореяга жөнөтүү токтотулган. 2021-жылдын 29-декабрынан тартып Корея КР жарандарын эмгек келишими боюнча кабыл алууну жандандырды.

Министрлик Бишкек-Сеул багыты боюнча чартердик рейс уюштурууга макул болду. Келишим боюнча 11 адам жумушка киришти, дагы 104 адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаргандан кийин учуусу күтүлүүдө.

Акыркы 15 жылда Кореяда 3500 кыргызстандык жумушка орношкон, алардын көбү жеңил өнөр жай жана электротехника тармагында. Эмгек келишимдеринде өндүрүштөгү кырсыктардан камсыздандыруу каралат, топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрү келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин жарандарга кайтарылып берилет.

Корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөгө катышууну каалагандардан документтерди кабыл алуу уланууда.

Сынактын эрежелери менен сиз ЭСКММдин Ишке орноштуруу борборунда тааныша аласыз.

Добавить комментарий