Түрк компаниясы Кыргызстанда монорельстин курулушун жүргүзөт

Түрк компаниясы Кыргызстанда монорельс курууга даяр экендигин жарыялады. Буга чейин түркиялык фирма менен Кыргызстандын Инновация министрлигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Бул тууралуу КР Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташуунун предмети – Кыргызстандын борборунда монорельстүү транспорттук тутумду киргизүү.

Ошентип, 13-июлда министрликтин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте монорельстүү транспорт системасын куруу үчүн потенциалдуу жайлар менен таанышуу максатында түркиялык Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş компаниясынын өкүлдөрү менен талаа иштерин жүргүзүштү.

Добавить комментарий