Түрк компаниялары Кыргызстандан тери импорттоого кызыкдар – КР ТИМ

Элчи Руслан Казакбаев Конья шаарына болгон иш сапарынын алкагында түрк компанияларынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы бизнестин келечегин талкуулады. Негизги көңүл жагымдуу инвестициялык чөйрөгө, экономиканын приоритеттүү тармактарына жана келечектеги “Кыргызстан-Коня” бизнес форумун уюштурууга бурулду, деп билдирет КР ТИМ.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кыргызстанда бизнести өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирген түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу Коньянын Соода-өнөр жай палатасында өтүп, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечегин талкуулашты.

Руслан Казакбаев кыргыз өкмөтү тарабынан инвестицияларды коргоо жана бизнести колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле акыркы жылдардагы жагымдуу салык саясатын жана туруктуу экономикалык өсүштү белгиледи. Өзгөчө көңүл айыл чарба, мал чарбасы, гидроэнергетика, туризм жана тоо-кен өндүрүшү сыяктуу инвестициянын артыкчылыктуу багыттарына бурулду.

Түркиялык компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанда булгаары импорттоо, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана «Кыргызстан-Конья» бизнес форумун өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Добавить комментарий