“Түндүк электр” ишканасына 39 миллион сом зыян келтирилген

Электр энергиясын мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча аныкталган фактылар боюнча Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Коррупцияга шектелип «Түндүк электр» ААК башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча электр энергиясын сатуу кызматынын башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаарынын электр энергиясын сатуу кызматынын башчысы С.М.С. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Түндүк электр» ААКнын кызмат адамдары тарабынан электр энергияга болгон дебитордук карызын мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактысы боюнча Жазык кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен кылмыш иши козголуп, натыйжада мамлекетке 39 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген», – деп билдирет Башкы прокуратура.

Бул кылмышка шектелгендер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Добавить комментарий