«Түндүк электр» ААКда электр энергиясы үчүн 500 миллион сом карыз

«Түндүкэлектр» ААК өз абоненттерине электр энергиясына болгон карыздын көбөйүшүн алдын алуу боюнча алдыдагы чаралар жөнүндө маалымдады. Кеп карызы бар абоненттерге электр энергиясын берүүнү өчүрүү жана чектөө жөнүндө болуп жатат.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, «Түндүкэлектр» ААКга керектөөчүлөрдүн жалпы карызы 500 млн 600 миң сомду түзөт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, «Түндүкэлектр» абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат, анткени 14-сентябрдан баштап акционердик коом электр энергиясын берүүнү акырындап чектей баштайт.

«Компания кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн энергетикалык жабдууларды жана тармактарды даярдоо боюнча иштерин улантууда жана төлөмдөрдү чогултуунун көпчүлүк бөлүгү электр жабдууларын оңдоого жумшалат», – деп билдирди акционердик коом.

Добавить комментарий