Соттун чечиминен улам 500 ижарачы өз ишин жоготушу мүмкүн

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 500дөн ашуун чакан ишкерликтин азабын тарткан чечим чыгарды. Бул адамдар өз бизнесин калыбына келтире алабы же жокпу белгисиз. Бир гана нерсе түшүнүктүү, бизнес борбордун мөөр басылган эшиктеринин артында көптөгөн кыргыз үй-бүлөлөрүнүн оокаттары турат.

“Аруу Жылдыз” ЖЧКсына өзүнүн мүлкүн, тактап айтканда, Vefa бизнес борборунун турак эмес жайларын пайдаланууга тыюу салынат. Имараттын ээлери аны мындан ары ижарага ала албай калышат. Бул тууралуу компаниянын юристи Людмила Горлова билдирди.

Анын айтымында, 7-сентябрда сот имаратты камакка алып, учурда 500дөн ашык ижарачылар жумушсуз калышы мүмкүн.

Мыйзамга ылайык, тараптардын бири менчикти ажыратууну сурап алса болот, бирок аны пайдаланууга тыюу салуу суроолорду жаратат.

Людмила Горлова

«Аруу Жылдыздын» ишмердигине келтирилген зыян гана эмес, үчүнчү жактардын – ижарачылардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жана кызматкерлеринин укуктары бузулуп жатат. Адамдар насыя алып, акчаларын инвестициялады, сот болсо анын кесепети жөнүндө ойлонбостон ушундай чечимдерди чыгарат», – деди Людмила Горлова.

Компаниянын юристи учурда Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз даярдалып жаткандыгын белгиледи.

«Апрель айында түрк тарап сотко доо арызды камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылган, анда алар «Вефа» бизнес борборунун имаратын басып алууну суранышкан. Райондор аралык сот бул өтүнүчтү четке какты. Доогер жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылып, соттук коллегия бул чечимди күчүндө калтырган. Ал күчүнө кирди. Иш Биринчи Май сотуна өткөрүлүп берилгенде, «Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет» өкүлдөрү кайрадан Вефа бизнес борборунун имаратын басып алуу жана колдонууга тыюу салуу боюнча дагы бир өтүнүч келтиришти. Ошондой эле алар имаратты мөөр басып берүүнү суранышты», – деп кошумчалады Людмила Горлова.

Адвокат кошумчалагандай, эгерде апелляциялык инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырса, анда ал Жогорку Сотко даттанылат.

«Сот ошондой эле негизсиз чечимдин натыйжасында кандай кесепеттерге алып келиши жөнүндө ойлонушу керек деп эсептейм. Жөнөкөй ижарачылардын же компаниянын үлүшүн сатып алгандардын күнөөсү эмнеде?»- деди Людмила Горлова.

Добавить комментарий