Сот Центерранын Кумтөрдүн мүлкүн камакка алуусун четке кагууда

Нью-Йорктогу сот «Кумтөр Голд Компани» иши боюнча «Центерранын» кыргыз өкмөтүнө койгон дооматы боюнча убактылуу камакка алуу чечимин чыгарды.

Нью-Йорктун банкроттук соту 19-июль, дүйшөмбүдө «Кумтөр Голд Компани» 11-бөлүм (Кайра уюштуруу) иши боюнча убактылуу камакка алуу чечиминен баш тартты.

Ал мындай чечимди Кыргызстанга «Центерра» сот өндүрүшүн талап кылып жаткан арыз боюнча тийиштүү түрдө кабарланбагандыгы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Law360 америкалык басылмасы билдирет.

Виртуалдык угуунун жүрүшүндө АКШнын банкроттук боюнча соту Лиза Г.Бекерман фактылар кыргыз өкмөтүнө карата баш коргоо чарасын колдогондугун билдирди. Бирок, ал ошондой эле кодексте бул тыюу салынган тарапка сот процесси жөнүндө билдирүү талап кылынат деп белгиледи.

«Эгерде 1608 28 USC бөлүмүндөгү арыз жана чакыруу кагаздары КР Өкмөтүнө жеткирилбесе, анда мен «Кумтөрдүн» активдерине каршы буйрук чыгарбайм», — деди сот Бекерман.

Эскерте кетсек, «Центерра» КР соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасына карата банкроттук процессине каршы буйрук чыгаргандан кийин, анын баш коргоо чарасын жана КР өкмөтүнө карата алдын-ала чараларды көрүүнү сурап жатат.

«Центерранын» адвокаты Sullivan & Cromwell LLPдан Джеймс Л. Бромли сотто Кыргызстандагы соттор чыгарган буйрук акционерлердин укугун ачыктан-ачык бузгандык деп билдирди. Анткени, ал «Центерранын» кыргыз өкмөтү тарабынан конфискацияланган активдерин көзөмөлдөө укугунан ажыратат жана компаниянын ишин улантууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Өз кезегинде Кыргызстандын атынан чыккан Arnold & Porterден Бенджамин Минц кенде тышкы башкарууну киргизүүдө эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун, анткени бул республиканын мыйзамдарына ылайык жасалып, буга жол бергенин  (“Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” мыйзамы) билдирди.

«Кыргыз Республикасы, эгемендүү мамлекет катары, мыйзамдын аткарылышы үчүн чараларды көрүүнү чечти», — деди Минц. «Банкроттук иши соттук териштирүүлөр үчүн мыйзамдуу максаттын жоктугуна байланыштуу туура эмес козголгон, анткени Кумтөрдүн активдерин камакка алуу боюнча өкмөт менен «Центерранын» ортосундагы талаш-тартыштар башталган арбитраждык сот процесси аркылуу чечилет».

Процедуралык мүчүлүштүктөргө байланыштуу бөгөт коюу чарасы жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тарткандыгына карабастан, судья Беккерман, анын пикири боюнча, Кыргыз Республикасында чыгарылган буйрук, эгер ал аткарылса, «Центеррага» орду толгус зыян келтирет деп билдирди.

“Кумтөр Голд Компани” Нью-Йорк сотунун чечими боюнча ушул маалыматты текшерүүгө шилтеме жасап, азырынча комментарий бере элек деп кошумчалайбыз. Ошол эле учурда компаниянын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк бир нече кыргыз басылмаларына сот иши боюнча түшүндүрмө берди. Тактап айтканда, ал “Азаттыкка” билдиргендей, Нью-Йорктогу банкроттук соту Кумтөрдүн активдерине жана эсептерине камакка алуу жөнүндө арызды кароону убактылуу четке какты жана бул маселе 17-августтагы отурумда кайрадан каралат.

Добавить комментарий