Социалдык фонд пенсия курагын көтөрүү боюнча маалыматка комментарий берди

Социалдык фонд пенсия курагын көтөрүү маселеси боюнча комментарий берди.

Жалпы пенсия курагын аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 чейин көтөрүү пландаштырылган эмес. Бул тууралуу парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Анын айтымында, жеңилдетилген пенсионерлердин пенсияга чыгуу жашын жогорулатуу каралууда. «Мисалы, бийик тоолуу аймактарда жашаган жана үчтөн ашык бала төрөгөн аялдар 45 жаштан пенсияга чыгышат. Биз бул жашты, балким, этап менен 48 жашка чейин көтөрүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Добавить комментарий