Швейцария Кыргызстанга табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 9 миллион доллардан ашык бөлөт

Кыргызстандын табигый кырсыктарга көбүрөөк дуушар болгон бир катар аймактарында табигый кырсыктарга жана катаал аба ырайы шарттарына туруктуулукту жогорулатуу боюнча долбоорлор ишке киргизилет.

Швейцария өкмөтү Кыргызстанга жаратылыш кырсыктарына туруктуу инфраструктураны куруу үчүн 9 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцариянын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, каржылоо Ош, Баткен жана Нарын облустарындагы долбоорлорго багытталат. Алар табигый кырсыктарды: кургакчылык, сел, суу ташкындары жана башкаларды башкарууга жана аларга каршы күрөшүүгө системалуу мамилени иштеп чыгууну караштырат. Натыйжада, 250 000 эң аялуу үй чарбалары ишенимдүү климаттык прогноздорду алып, мүмкүн болуучу кырсыктарга алдын ала даярданышат.

«Швейцария өкмөтү БУУ ДАПтын компоненти үчүн климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын тобокелдигине эң аялуу айылдык жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн 9 миллион доллардан ашык каражат бөлүүдө. Бул компонент Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда», — деп белгилейт элчилик.

Бул долбоорлорду каржылоо келишимине Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлү жана өлкө боюнча директору Кожиро Накай кол коюшту.

Бул келишим боюнча программаны ишке ашыруу кийинки беш жылда каралган.

Добавить комментарий