Салык тармагында кандай өзгөрүүлөрдү күтүш керек, дейт Амангелдиев


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-77594-1664878111-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бишкекте экономика, башкаруу, салык салуу жана көмүскө рыноктун алдын алуу маселелерине арналган Улуттук форум өтүүдө.

КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Салык реформасы жана анын КРдагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири” аттуу Улуттук форумдун жүрүшүндө салык чөйрөсүндөгү мыйзамдарга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.

Форумду Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «ЖИА Бизнес Ассоциациясы» Юридикалык жактардын Ассоциациясы (JIA) менен биргеликте Азия өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосунда уюштурууда.

Министр белгилегендей, бүгүнкү форумдун негизги максаты – экономика жана менеджмент жаатында пикир жана билим, тажрыйба алмашуу.

«Салык саясатын ийгиликтүү ишке ашыруунун социалдык маанилүү инструменти болуп Салык кодекси саналат, ал ошондой эле мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын ортосундагы укуктук өз ара аракеттенүүнүн гаранты болуп саналат. 2022-жылы Салык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди, аны билесиздер. Салык системасынын туруктуулугу максатында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан жалпысынан Салык кодексинин түзүмү жана принциптери түп-тамырынан бери өзгөртүлбөшү керектиги сунушталды», – деди ал.

Анын айтымында, жаңыдан кабыл алынган кодекстин максаты – КР салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу, салык процедураларын санариптештирүүнү андан ары өркүндөтүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө бөлүгүн азайтуу.

Ал мамлекет көмүскө секторду дайыма рынок экономикасынын укуктук компонентине айландыруу үчүн өлкөнүн экономикасынын расмий системасына да, анын көмүскө бөлүгүнө да таасир этүүчү механизмдерди түзүү жана өркүндөтүү боюнча мындан аркы чараларды көрүшү керектигин баса белгиледи.

Көмүскө экономикага мамлекеттин таасиринин айрым багыттары, анын ичинде:

– жарандарды мыйзамдуу экономикалык иш жүргүзүүгө түрткү берүү үчүн мамлекетте экономикалык мыйзамдарды түзүү. Анда мыйзамдуу ишкердиктин чек аралары жана бул мыйзамдарды бузгандык үчүн чаралар белгиленет;

– ишкерлерди мамлекеттик колдоо жана таза атаандаштыкка жакын шарттарды түзүү;

— мыйзамды сыйлаган рыноктун катышуучуларына административдик тоскоолдуктарды жана административдик басымды азайтуу;

— салык мыйзамдарын өркүндөтүү жана бардык деңгээлдеги бюджеттерге зыян келтирбестен салык жүгүн жана салык ставкаларын төмөндөтүү процессин. Натыйжалуу салык контролун камсыз кылуу.

Добавить комментарий