Садыр Жапаров «Электрисите де Франс» компаниясынын өкүлү менен жолугушуп, энергетика тармагында кызматташууну баштоого даяр экенин билдирди

9-ноябрда президент Садыр Жапаров Франциянын «Электрисите де Франс» энергетикалык компаниясынын аткаруучу директору Беатрис Бюффонду кабыл алды. Бул тууралуу 24.kg билдирди.

Энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуунун келечеги, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров фирманын өкүлдөрүнө жашыл экономиканы өнүктүрүү сыяктуу республика үчүн маанилүү багытта өнөктөштүккө болгон кызыгуусу жана ниети үчүн ыраазычылык билдирди.

«Энергетика тармагын ийгиликтүү жана туруктуу өнүктүрүү маселеси өлкө үчүн абдан актуалдуу. Учурда Кыргыз Республикасы жаңы өндүрүштүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат жана жеке сектордун жашыл энергетикага өтүү боюнча демилгелерин жогору баалайт», — деди ал.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда түзүлгөн жагымдуу инвестициялык климатка көңүл буруп, кыргыз тарап ата мекендик энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн кошумча шарттарды түзүү маселелерин карап чыгууга жана изилдөөгө даяр экенин белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан франциялык инвесторлор менен активдүү кызматташууга даяр.

Беатрис Бюффон учурда дүйнөнүн 30 өлкөсүндө гидроэнергетика тармагында иш алып барган «Электрисите де Франс» компаниясынын ишмердүүлүгүнө токтолду. Ал француз компаниясы Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирип, компания өзүнүн тажрыйбасын колдонууга ниеттенип жатканын жана тиешелүү долбоорлорго биргелешип инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи.

«Биз узак мөөнөттүү кызматташууга умтулабыз», — деп жыйынтыктады Беатрис Бюффон.

Добавить комментарий